Камчыбек Ташиев 1000 баатыр энеге эки ресторандан той берди
RU

Камчыбек Ташиев 1000 баатыр энеге эки ресторандан той берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын эки ресторанынан "Баатыр Энелерди сыйлоо" тоюн берди. Бул иш чара 8-мартка карата уюштурулган болчу, деп Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов жазды.

Камчыбек Ташиев 30 жылдан бери ар сегизинчи мартта уюштуруп келгенин айтып, бардык ишти таштап ушул жолугушууга келе турганын билдирди.

"Мен сиздерди гана куттуктайм, сиздерден башка эч кимди куттуктабайм", - деди Ташиев.

Мааракеге миң эне чакырылып, Жалал-Абад шаарынын эки ресторанында өттү.

"Биздин президент Садыр Нургужоевич да ар бир энени куттуктап кой деген. Мен анын аманатын аткарып, президенттин куттуктоосун айтып коеюн", - деп УКМКнын башчысы президенттин атынан да куттуктады.

"Майрамы менен куттуктайын деп атайын көбүрөөк энелерди чогултканга аракет кылдым. Азыр башка ресторанда да баатыр энелер отурат. Мен аларды да барып куттуктап келейин. Силер чай ичип тургула. Анан кайра келем", - деди ал.

Тойдун соңунда Ташиев бардыгына ыраазычылык билдирип, бул саамалыкты келээрки жылдан баштап уулдары уланта турганын белгиледи.

Салтанатка белгилүү өнөр адамдары да катышып, апаларга ыр белектерин тартуулашты.

Майрамдык иш чараны ким каржылаганы айтылган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5878