Украинадагы кырдаал. Акыркы сааттардагы негизги окуялар
RU

Украинадагы кырдаал. Акыркы сааттардагы негизги окуялар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Meduza басылмасы Украинада акыркы сааттарда эмнелер болгонун кыскача жазды.

  • Fitch агенттиги Россия эмитенттин дефолтунун чет элдик валютадагы узак мөөнөттөгү рейтингин "C" көрсөткүчүнө чейин төмөндөттү.
  • Центробанк россиялыктардын эсебинен акча чыгарууну чектеди. Доллар менен 10 миңге чейин эле алса болот. Калганын рубль менен гана.
  • Universal Music Россиядагы бардык кеңеселерин жаап, бизнес-операцияларын токтотту.
  • PepsiCo, Coca-Cola жана Starbucks РФте ишмердүүлүгүн токтотконун жар салышты. McDonaldʼs Россиядагы бардык ресторандарын убактылуу жапты.
  • Россия 9-мартта, Москва убакытсы боюнча саат 10:00дон тартып, Украинаны бир нече калк жайгашкан пункттарына гуманитардык коридорлорду камсыздоого даяр экенидигин билдирди.
  • Россиялык министрликтердин жана ведомстволордун сайттарына чабуул салынып, бузулду. Алардын баракчаларында согушка каршы сүрөттөр жайгаштырылган.
  • Байден россиялык нефть менен газды импорттоого тыюу салды.
  • Улуу Британия жылдын соңуна чейин россиялык энергияны алып жүрүүчүлөрдөн көз карандысыз болууну пландап жатат.
  • ЦРУ россиялык аскердин Украинадагы жоготуусун аныктады: 2000-4000 кишиге чейин.
  • LʼOreal корпорациясы Россиядагы дүкөндөрүн жабат. Анын ичинде интернет-магазиндерди дагы.
  • Shell менен BP компаниялары Россиядан нефть жана газ сатып алуудан баш тартты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5884