Токмок шаарында миллиардер Алиджан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
RU

Токмок шаарында миллиардер Алиджан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-февралда, Бельгияда коронавирустан каза болгон бизнесмен Алиджан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токмок шаарында өттү. Ал эл арасында Граф каймана аты менен таанымал болчу.

Алдын ала берилген маалымат боюнча Ибрагимов 67 жаш курагында коронавирустан каза болду. Ал Бельгияда дарыланып жаткан, сөөгү кичи мекенине, Токмок шаарына алынып келинди.

Белгилей кетсек, Ибрагимов Өзбек ССРинин Фергана өрөөнүндө туулган. Бирок анын балалыгы Токмок шаарында өтүп, эмгек жолун да ошол жерден баштаган.

Алиджан Ибрагимов Казакстандагы эң бай бизнесмендердин бешилтигине кирет. Forbes журналынын версиясы боюнча, 2016-жылы анын байлыгы $1,8 млрд. деп бааланган. Андан тышкары ал Казакстандын эң таасирдүү бизнесмендердин катарына да кирчү.

Ибрагимов өмүр бою Токмок шаарынын тургундарына жардам берип келген.

Аны менен коштошууга чоң бизнесмендер, саясатчылар жана жөнөкөй жарандар келишкен.

Ибрагимовдун үйүндө сакчылар абдан көп болду. Алар келген-кеткен кишилерге сый мамиле кылышты.

Миллиардер менен коштошууга кыргызстандык саясатчылар Максат Сабиров, Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Талант Исаев, Пархат Түлөндүбаев, Ахрор Иминов, Аймен Касенов, Кубанычбек Кулматов, Чүй облусунун губернатору Мирбек Мияров, Өмүрбек Бабанов, эрежесиз эр мушташ боюнча дүйнө чемпиону Тилек Жээнбеков, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, казакстандык олигархтар Александр Машкевич, Патох Шодиев, Казакстандын администрациясынын өкүлү Досманбетов ж.б. келишти.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Ибрагимов дүйнө жүзүнүн эң бай адамдарынын рейтингине кирген. Ал кезде анын байлыгы $2,3 млрдга бааланган болчу.

Митинг учурунда Досманбетов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан көңүл айтып, Алиджан Ибрагимов тууралуу жылуу эскерди. Андан тышкары Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин атынан да кат окуду. Казакстандын жогорку жетекчилиги Ибрагимовдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат, деп сөзүн жыйынтыктады.

Александр Машкевич да сөз алды. Ал көз жашын токтото албай, кыйналып сүйлөдү.

"Мен үчүн сүйлөө аябай оор болуп турат. Бул жака биринчи жолу 49 жыл мурун келгем. Биз дароо эле достошо кеткенбиз. Мен ушундай, Алиджан акадай досум бар экенине сыймыктанчумун. Анын пландары көп болчу. Бирок ал жетишпей калды. Анын жасаган кайрымдуулугу, жакшы иштери дагы 10 адамдын жашоосуна жетмек. Балдары, неберелери атасы жетишпей калган иштерди аягына чейин чыгарат, деп ишенем. Анын боорукерлиги, адамгерчилик сапаты ар дайым мага дем күч берип турчу", - деди Машкевич.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/588