АКШ Украинада биологиялык изилдөө объектилеринин бар экенин тастыктады
RU

АКШ Украинада биологиялык изилдөө объектилеринин бар экенин тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө жайлар бар экенин жана АКШ алардын ар кандай күчтөрдүн көзөмөлүнө түшүп калбашы үчүн иштеп жатканын ырастады. Мындай билдирүүнү ал Украинада химиялык курал барбы деген суроого жооп берип жатып, АКШ Сенатынын Тышкы иштер комитетиндеги угууда сүйлөп жатып билдирди, деп жазат Lenta.ru.

Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар. Орус аскерлери аларды көзөмөлгө алууга аракет кылышы мүмкүн деп абдан тынчсызданып жатабыз. Бул изилдөө материалдарынын баары орус күчтөрүнүн колуна түшүп калбашы үчүн украиндер менен иштешип жатабыз.

Аткаминердин айтымында, эгер Украинада биологиялык же химиялык куралга байланыштуу кандайдыр бир окуя болуп кетсе, бул үчүн жоопкерчиликти орус тарап тартат.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматы

6-мартта Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков "Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Киев тарабынан аскердик биологиялык программанын изинен чукул тазалоо" фактылары аныкталганын билдирди. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул программаны каржылоого АКШнын Коргоо министрлиги тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5890