Эң көп добуш алган Муртазалиев шайлоодон четтетилди
RU

Эң көп добуш алган Муртазалиев шайлоодон четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарды. Мындай чечимди БШК мүчөлөрү 9-марттагы жыйынында кабыл алышты.

Эске салсак, 27-февралдагы кайталанган парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхаджи Муртазалиев эң көп добуш алган– ага шайлоочулардын 19,52% добуш берген.

Свердлов районундагы бир нече талапкер шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыз менен кайрылышкан. Анда талапкер добуштарды сатып алуу жолу менен жеңишке жеткенин айтышкан. Муртазалиев өзү муну четке кагып, атаандаштарынан төгүнгө чыгарууну талап кылууда.

БШКнын отурумунда ИИМдин өкүлү сөз сүйлөп, укук коргоо органдары Муртазалиевдин өзүнүн, атасынын, ошондой эле айрым агитаторлордун телефон чалууларын текшерип, алар менен байланышын четке кагып жатканын айтты. Муртазалиев өзү да текшерүү бир жактуу болуп, агитатордун башка талапкерлер – Атазов, Алканова жана Алмаз уулу менен байланышын текшеришпегендигине нааразы болду.

Муртазалиевдин басма сөз катчысы ички иштер министрлигинен материалдар мурда эле чогултулганын билдиргенине карабастан, талапкерге эмне үчүн шайлоо күнүнө чейин айып тагылган эместигин тактоого аракет кылды.

Талкуунун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү Муртазалиевдин талапкерлигин шайлоодон алып салуу чечимине келишти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттануу менен шайлоонун жыйынтыгын сотко берсеңиз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5902