10-март. Моссоветте доллар, евро, рублдин баасы канча?
RU

10-март. Моссоветте доллар, евро, рублдин баасы канча?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта Бишкектин Моссоветинде АКШ долларын 102,5 сомдон сатып алып жатышат. Сатуу - 104-105 сомдон. Бул данныйлар эртең мененки саат 09:00до актуалдуу болчу.

Бирок айрым обменкаларда доллардын баасын көрсөткөн таблолору өчүк.

Кечээ, 9-мартта түшкө чейин доллар 98,2 жана 98,5 сомдон болчу. Саат 16:00дон кийин 100 сомго чейин көтөрүлүп, 102-103 сомдон сатылып калды.

Доллар кескин кымбаттаганда Кыргызстандын Улуттук банкы курсту басаңдатуу максатында интервенцияларды өткөрөт. Акыркы интервенция 4-мартта жасалган.

Рублдин баасы өзгөрүүсүз: сатып алуу - 0,83 сом, сатуу - 0,90 сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5906