Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болду
RU

Кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин чек арачыларынын арасында ок атышуу болду. Бул тууралуу КР УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-мартта саат 10:50лөр чамасында Баткен облусунун Тескей районундагы такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын чек арачылары кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүп, кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр келип, алар көп болгонунан пайдаланып, жаңы чек арага өтүүгө аракет кылышкан. Бирок кыргыз чек арачылары тажик аскерлерине мүмкүнчүлүк бербей, атышуу башталып, ал он мүнөттөй созулган.

Кагылышууда кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес. Саат 11:45ке карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын чек ара кызматы Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, азыркы тапта ал тилкени кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5910