Орозо календары. 2022-жылга карата
RU

Орозо календары. 2022-жылга карата

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Орозо айы болжол менен апрель айынын башында башталат. Kaktus.kg редакциясы орозо календарын даярдады. Эскерте кетсек, айдын көрүнүшүнө жараша орозо кармоонун башталышы жана бүтүшү 1-3 күнгө өзгөрүшү мүмкүн. Орозо айына жакындаганда КМДБ так датасын жарыялайт.

(Бир аз күтө туруңуз, сервис жүктөлсүн)

Ошондой эле кадыр түндүн так датасы жана фитир-садаканын өлчөмүн Кыргызстан Аалымдар кеңеши кийинчерээк белгилейт.

Белгилей кетсек, орозонун башталышы жана ооз ачуу убактысы аймактарда бир нече мүнөткө айырмаланат:

  • Нарын облусунда 6 мүнөт мурда;
  • Караколдо 10 мүнөт мурда;
  • Балыкчыда 5 мүнөт мурда;
  • Ош облусунда 12 мүнөттөн кийин;
  • Чоң-Алайда 17 мүнөттөн кийин;
  • Жалал-Абад облусунда 15 мүнөттөн кийин;
  • Токтогулда 10 мүнөттөн кийин;
  • Баткен облусунда 25 мүнөттөн кийин;
  • Чаткалда 25 мүнөттөн кийин;
  • Талас облусунда 8 мүнөттөн кийин.

Ооз ачканда окула турчу дуба:

Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала.

Мааниси

Таң аткандан күн батканга чейин, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн орозо парзын аткарууга чын ыкласым менен ниет кылдым.

Ооз бекитүү алдында окулуучу дуба:

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси

Оо Аллахым, Сен үчүн орозо кармадым, Сага ыйман келтирдим, Сага тобокел кылдым, Сен берген ырыскы менен тамагың менен ооз ачтым. Билип, билбей кетирген күнөөлөрүмдү кечир.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5912