Доллардын баасы канча сом? 11-мартка карата валюталар курсу
RU

Доллардын баасы канча сом? 11-мартка карата валюталар курсу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-мартта Бишкектин Моссоветинде АКШ долларын 104, 105,2 сомдон сатып алышууда. Сатуу - 106-106,5 сомдон. Бул эртең мененки саат 9:00го карата актуалдуу баалар.

Евронун курсу да кечээки күнгө салыштырмалуу көтөрүлдү: сатып алуу/сатуу - 113-115 сом/116-118 сом.

Россиянын рублине болгон баа туруктуу - 0,85/0,90-0,95.

Буга чейин КРдин Улуттук банкы курсту бир калыпта кармап туруу максатында интервенция жүргүзгөн. Анын суммасы $59,3 млн.

Финансылык регулятор белгилегендей, алар түзүлгөн кырдаалга жараша туруктуу негизде интервенция жүргүзүп турууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5926