Жүрөк үшүн алат! Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары котлет үчүн мушташты (видео)
RU

Жүрөк үшүн алат! Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары котлет үчүн мушташты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Амур облусундагы подшипник заводунда Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчулары мушташа кеткенин Mash Telegram каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, мушташ 8-мартта мурдагы союздук республикалардан келген 9 миң жаран иштеген "ВелесСтройМонтаж" ишканасынын ашканасында башталган.

"Тажикстандык кызматкерлер Кыргызстандан келген кесиптештерине котлеттин чоңураак порциясы салынып жатат деп ойлошкон. Ашкананын кызматкерлери менен оозеки чырдашуу учурунда жумушчулардын бири официант ага салфетка ыргытып жиберди деп ойлогон. Андан соң жаңжал массалык мушташка айланган.

Табактар, идиш-аяктар, отургучтар жана столдор талкаланды. Ал жердеги мушташ бүтүп, эртеси короодо дагы уруш уланган. Бирок, жетекчилик иликтөө иштерин баштаган. Завод ызы-чууга катышкан бардык жумушчуларды жумуштан кетире тургандыгын билдирген. Эгер андай болсо мигрант кызматкерлер депортация болушу мүмкүн", - деп белгилейт телеканал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5931