Акылбек Жапаров Швейцарияга Садыр Жапаровду чакырууну сунуштады
RU

Акылбек Жапаров Швейцарияга Садыр Жапаровду чакырууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулды. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан.

Акылбек Жапаров швейцариялык делегацияны эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады.

Ал кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Швейцария Конфедерациясына расмий сапарын уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Патриция Данци Швейцария Кыргызстанга колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5932