"Дордой" базарында кырдаал кандай? Эл нааразы, сатуучулар чыгым болуп жатат
RU

"Дордой" базарында кырдаал кандай? Эл нааразы, сатуучулар чыгым болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарынын соодагерлери доллардын курсу кескин көтөрүлгөндүктөн чыгашага учурап жатышат.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкектин Моссоветинде доллар 104-105,2 сомдон сатып алынып, 106-106,5 сомдон сатылууда.

Он күндүн ичинде курс 20 сомго кымбаттап, бул өлкөгө алынып келген товарлардын баасына таасирин тийгизди.

Kaktus.kg редакциясы "Дордой" базарга барып соодагерлер менен сүйлөшүп, азыркы кырдаал тууралуу сурап билди.

Жаныбектин "Дордойдо" алты контейнери бар. Ал тиричилик техникасын жана электроника сатат. Эгер буга чейин ар бир контейнер күнүнө 2-3 товар сатса, азыркы тапта алтоо биригип ушул көлөмдү сатат экен.

"Сатуу көлөмү түшүп кетти, ошого карабай бир аздан соода жүрүп жатат. Техника бузулуп калса, айла жок, кымбаттыгына караба сатып алууга аргасыз", - дейт ал.

Жаныбектин айтымында, курстун доллары кымбаттап, ал эки жуманын ичинде 100 миң сомго зыян тартты.

"200 телевизор заказ кылганбыз, 85 сомдук курс менен эсептешмекпиз. Бирок товар 95 сомдук курс менен келди. Ушундай курс менен доллар сатып алып, төлөөгө туура келди", - дейт соодагер.

Айрым сатуучулар атайылап жогору баа коюп жатышат. Алар уттуруп жибергенден коркушат. Кээ бирлери такыр эле товарын сатуудан баш тартып, доллар турукташканча контейнерлерин жаап коюшкан.

"Биз товарды доллар менен алабыз да. Эми долларды кымбат сатып алып, эч эле пайда көрбөй калып жатабыз", - дейт дагы бир сатуучу.

"Джунхайда" сумка саткан Азамат көпчүлүк кардарлар сатып алуудан баш тартып жатышат, дейт. "Алар бааны биз өзүбүз эле көтөрүп алдык, деп ойлоп жатышат. Сатуучулар көтөргөн жок, товардын өздүк баасы кымбатка айланууда. Товарды эски курс менен сатып жатам. Азыркы курс менен сатсак эмне болот, билбейм", - дейт ал.

Кийим саткандар да соода начарлап кетти деп арызданышты. Сатуучулар келет, бирок мурункудай эки-үчтөн албай калышты. Эң керектүүсүн алып эле кетип калышат, деп айтып беришти.

"Эгер буга чейин кийимдин дүң баасы 900 сом болсо, азыр 1050 сомго көтөрүлдү. Мурда сапатына карап жакшысын тандаганга аракет кылса, эми арзанына качыра башташты. Эл бизди үстүнө кошуп жатат, деп күнөөлөшөт. Кийнки партиялар мындан да кымбат болот", - дейт сатуучу.

Соодагерлер жаңы товарды заказ кылууга шашылбай эле. Себеби мурунку партиясын сатып бүтө элек. Ал толук өтөбү, же өтпөй калабы, белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5942