Америкада айдоочусу жок унааларды колдонууга уруксат берилди. Кандай тартипте иштейт
RU

Америкада айдоочусу жок унааларды колдонууга уруксат берилди. Кандай тартипте иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америка айдоочусуз унааларды иштетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Rеuters билдирди.

АКШнын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча улуттук башкармалыгы өзүн-өзү башкарган унааларды чыгаруунун жаңы эрежелерин жарыялады. Эми унаа чыгаруучуларга автономиялык башкаруу системалары менен жабдылган жана отургучу, рулу жана башка башкаруу элементтери болбогон унааларды чыгарууга уруксат берилди.

Маалыматка ылайык, мындай унаалар адамдар көзөмөлдөгөн унаа сыяктуу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кепилдик берүүсү керек. Жаңыланган эреже боюнча балдар айдоочунун отургучу деп эсептелген жерге отурбашы керек. Анткени кырсык учурунда бала тийиштүү деңгээлдеги коргоону ала албай калышы мүмкүн. Мындай учурда айдоочусуз унаа дароо кыймылын токтотуусу зарыл.

Белгилей кетсек, агенттик тарабынан бекитилген жаңы эрежелер 2020-жылдын март айында сунушталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5954