Аба-ырайына байланыштуу Сосновкада унаалардын өтүүсү чектелүүдө
RU

Аба-ырайына байланыштуу Сосновкада унаалардын өтүүсү чектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туруксуз аба-ырайына байланыштуу Сосновка транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, 14-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болуп, кардын жаашы күтүлүүдө. Ошого байланыштуу, ДЭУ-9дун кызматкерлери 13-мартта эле Бишкек - Ош автожолундагы карды тазалап, инерттик материалды себишкен.

Ошондой эле, бүгүн, Бишкек - Ош автожолунда, тоннелдин түштүк тарабында, 150 м3 көлөмүндө кар көчкү түшүп, учурда трассаны тазалоо иштери жүрүп жатат. Унаалар жолдун бир тарабы менен өтүүдө.

Транспорт министрлиги аба-ырайына байланыштуу чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жол жүрүүдөн баш тартууну сунушташат. Андан тышкары, кардын басып калуусун алдын алуу максатында, унаалардын ортосунда 500 метрден кем эмес аралыкты сактоо зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5957