Мындан ары Россиянын Бишкектеги элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынды
RU

Мындан ары Россиянын Бишкектеги элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы аскердик операцияларга каршы митингдерге катышкан активист Динара Эркимбаева Kaktus.media редакциясына кайрылды. Ал митингде бийлик кысым көсөткөнүн билдирди.

Динаранын айтымында ал 24-февралдан бери Россия элчилигинин жанындагы акцияларга жана митингдерге активдүү катышып келет.

"Үчүнчү митингде мен бийликтин кысымын сездим. Укук коргоо органдары Россия элчилигинин митинг, нааразылык акцияларын жана демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча билдирүүсүнө шылтап жатышат. Кечээ күнү биз дагы митингге чыктык, укук коргоо органынын А. аттыуу кызматкери бизге кайрылып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтты", - деди Бишкек шаарынын тургуну.

Жарлыкка ылайык, 11-марттан 11-апрелге чейин Россия элчилигинин жанында, борбордук Ала-Тоо аянтында жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган. М. Горький коомдук бакчасында гана мыйзамдуу түрдө митинг өткөрсө болот.

Эркимбаева ошондой эле Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5969