"Садыр Нургожоевич, биз иштегибиз келет". Ош базарында соода кылгандар митингге чыгышты
RU

"Садыр Нургожоевич, биз иштегибиз келет". Ош базарында соода кылгандар митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-февралда, Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Ош базарынын жанында соода кылгандар, алардын иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, мэрия кезектеги рейдди жүргүзүп, Ош базарынын тегерегиндеги территорияларды баш аламан соода кылгандардан тазалаган. Ошондой эле мэрия, Ош базарынын аймагында, муниципалдык базар уюштура тургандыгы белгилүү болду.

"Биз өзүбүздүн ордуларыбызга акча төлөйбүз, бирок ал акча "черный" болуп кетет", - деп митингге чыккандар билдиришти. - Биз патент менен иштегенге даярбыз. Бирок, бизге тиешелүү шарттарды түзүп беришсин. Биздин мурунку орундарыбызда иштегенге расмий уруксат беришсин, же башка жерден орун бөлүп беришсин, бирок шаардын сыртынан эмес, Ош базарынын территориясынан. Бардыгыбыздын балдарыбыз, төлөй турган кредиттерибиз бар. Биз өзүбүздү камсыздашыбыз керек. Биз жөлөк пул сурабайбыз. Болгону иштеп, өз алдыбызча акча табууга мүмкүнчүлүк бергиле".

Алар Садыр Жапаровго кайрылып, аларга жардам берүүсүн өтүнүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/596