Абдылда Капаров Путиндин сүрөтүн көтөрүп өкмөт үйүнө атчан келди
RU

Абдылда Капаров Путиндин сүрөтүн көтөрүп өкмөт үйүнө атчан келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров аркасында Владимр Путиндин портретин асынып алып, атчан өкмөт үйү менен Жогорку Кеңешке келди. Анын видеосу Фейсбукта тараган.

Капаров ат менен Эски аянтты жана Бишкектин борборун аралап өттү. Ал эми Путиндин портретинде "Биз сени мененбиз" деп жазылган.

Кийинчерээк ИИМдин басма сөз кызматы Капаров кайгуул-күзөт кызматы тарабынан кармалганын билдирген. Ал Биринчи Май РИИБге жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Белгилей кетсек, Капаров буга чейин экс-президенттин тушунда өзүн мыйзамсыз репрессияланган деп атап, Сооронбай менен Асылбек Жээнбековдун аракеттерине юридикалык баа берүүнү суранып чыккан. ЖМКлардын маалыматына караганда, 2017-жылы ал колония-поселкеде төрт жылга кесилген. Ага каршы Жээнбековдор тарабынан доо арыз жазылып, Капаров соттун чечими менен моралдык чыгым үчүн 244 миң сом төлөп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5973