Планетанын эң бай адамы Украина окуяларынан улам Владимир Путинди мушташка чакырды
RU

Планетанын эң бай адамы Украина окуяларынан улам Владимир Путинди мушташка чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Планетанын эң бай адамы Илон Маск Россиянын президенти Владимир Путинди мушташка чакырды. SpaceX космостук компаниясы жана Тесла автокомпаниясынын негиздөөчүсү Twitter баракчасына чакыруу таштаган.

"Мен Владимир Путинди мушташка чакырам" деп жазган миллиардер. Ал "Украина коркунучта" деп кошумчалаган.

Путин унчукпай койгондо кайрадан Маск "Сиз бул күрөшкө макулсузбу?" деп жазган.

Өз кезегинде Роскосмостун жетекчиси Дмитрий Рогозин Александр Сергеевич Пушкиндин "Сказка о попе и работнике его Балде" деген эмгегинен үзүндү келтирди.

SpaceX жетекчиси Украинага расмий адамдар, органдар жана маанилүү инфраструктуралык объектилер менен толук кандуу байланыш үчүн Starlink космостук Интернет үчүн ондогон терминалдарды өткөрүп жатат.

Ошол эле учурда, "сөз эркиндиги абсолютисти" катары Маск өзүнүн интернет колдонуучулары үчүн орусиялык пропаганданын трансляциясын бөгөт коюудан баш тартууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5977