Медет Садыркуловдун кызы Айжан Эсеп палатасын жетектейт
RU

Медет Садыркуловдун кызы Айжан Эсеп палатасын жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Айжан Садыркуловага Эсептөө палатасынын төрайымынын милдетин аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Өкмөт башчынын маалыматтык саясат аппараты жазды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон.

Буга чейин аталган палатаны Улукбек Марипов башкарып келген.

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.

Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.

Садыркулова Айжан Медетовна 1979-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган.

2001-жылы Кыргыз-Орус Славян Университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу:

2001-2004-ылдары - "Партнер" юридикалык фирмасы, адвокаттын жардамчысы

2004-2016-жылдары - Улуттук банкы, Юрист, юридикалык бөлүмдүн башчысы, юридикалык башкармалыктын жетекчиси, башкармалыктын мүчөсү

2016-жылдан ушул убакка чейин - КР Эсептөө палатасы, Аудитор.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/598