Кыргызстандык жаш шахматчылар Италияда өткөн турнирге катышты
RU

Кыргызстандык жаш шахматчылар Италияда өткөн турнирге катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-марттан 8-мартка чейин Италиянын Каттолика шаарында шахмат боюнча эл аралык турнир өттү. Мелдешке Италия, Германия, Финляндия, Греция, Украина, Казахстан өлкөлөрүнөн шахматчылар келишкен.

Кыргызстандан бир туугандар Сезим Адамова, Умай Адамова жана Алла Адамова катышкан. Сезим Адамова турнирде Финляндиялык, Италиялык шахматчылар менен ат салышып, эл аралык турнирдин катышуучусу сертификатына ээ болду. Кыргызстандан барган жаш шахматчылар үчүн эл аралык мелдештерге катышуу тажрыйба топтогонго жардам берген.

Келерки айларда жаш шахматчылар Швейцария, Венгрия, Германия, АКШда өтө турган турнирлерге барууну пландаштырууда.

Маалыматты кыздардын апасы Айжан Шаботоева берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5990