АКШда "Жылдын айымы" сыйлыгын трансгендер алды
RU

АКШда "Жылдын айымы" сыйлыгын трансгендер алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин эркекболуп келген, адмирал, чиновник, азыркы тапта аял болуп өзгөрүп алган. USA Today басылмасы ага "Жылдын айымы" сыйлыгын тапшырды.

64-жаштагы Левин учурда АКШнин саламаттыкты сактоо тармагында иштеп, расмий түрдө мамлекеттик кызматта иштеген алгачкы трансгендер болуп саналат. 10 жыл мурун ал жынысын жана атын өзгөрткөн. Операцияга чейин үй бүлөлүү, эки баласы бар кадимки мырза болчу.

2021-жылы жайында АКШнин экс-президенти Дональд Трамп Токиодо өткөн жайкы олимпиаданы сындап, аялдар арасындагы спорттук мелдешке трансгендерлердин катышуусу туура эмес, деп айтып чыккан. Анын пикири боюнча, "эл эркектердин аялдар менен күч сынашып жатканын эмес спортчулардын жарышын көргүсү келет". Дональд Трамп мындай көрүнүш аялдардын укугун бузууда, деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5999