Президент чек арадагы жаңжалда каза болгон Каратаевдин уулуна Lexus берди
RU

Президент чек арадагы жаңжалда каза болгон Каратаевдин уулуна Lexus берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгон Мамасала Каратаевдин үй-бүлөсүнө Lexus үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, унааны президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырган.

"Маркум Мамасалы Каратаевдин уулу Мелис атасынын жаңжал учурунда бузулган унаасын оңдоп берүү өтүнүчү менен бийликке кайрылган. Муну уккан президент ага унаа белек кылды", - деп басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Көк-Таш айылынын 44 жаштагы тургуну Мамасалы Каратаев жарадар болгон аскер кызматкерлерине жардам берип жатып Головной суу алгычын аткылоо учурунда каза болгон. Анын артында алты баласы калган. Үй-бүлө жаңжалдан кийин курулган "Мадина" шаарчасында жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6004