17-март: Доллардын баасы 100 сомдон төмөн түшүп кетти
RU

17-март: Доллардын баасы 100 сомдон төмөн түшүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта, Бишкектин Моссоветинде доллардын курсу мурунку күндөргө салыштырмалуу кыйла айырмаланып турат.

Долларды сатып алуу жана сатуу өзгөрүп, 98-100/101-103 сом болуп калды. 16-мартта доллардын курсу 105/106 сом болчу.

Евронун курсу да бир топ эле түшүп, 105-110/114-117 сом болуп калды.

Россиялык рубль туруктуу. Ал мурункудай эле сомдон арзан.

Акча алмаштыруучу жайлардын ээлери эмне себептен мындай өзгөрүүлөр болуп жатканын билбейбиз, деп айтышты. Доллар арзандаганы менен анын саны аз. Көпчүлүк "обменкалар" алмаштырып бере алышпайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6007