Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларын азыркы бийликке эскертүү деп айтты
RU

Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларын азыркы бийликке эскертүү деп айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын 20 жылдыгына карата кайрылуу жөнөткөн. Kaktus.kg андагы урунттуу учурларды жарыялайт.

Туура 20 жыл мурун Кыргызстандын эли эч качан диктатура жана авторитаризмге моюн суна албастыгын көрсөткөн.

Алгачкы жолу баатырлардын каны төгүлгөн. Алар эркиндик, демократия жана өлкөнүн бүтүндүгү үчүн өз өмүрлөрүн беришкен.

Алты аксылыктын курмандыгы текке кеткен жок. Алар биздин акыл-эсибиздин, абийирибиздин, намсыбыздын калыптануусуна таасирин тийгизишти. Элди артынан ээрчитишти.

Бул тарыхый барактар азыркы бийликке да алардан кийин бийликке келе тургандарга да эскертүү катары болууга тийиш.

Кыргызстандын ар бир жаңы келген башчысы эсине бек түйүп алыш керек: өз элин алдаган болбойт, жөнөкөй жарандардын эсебинен байлык топтогонго болбойт, жөнөкөй жарандарды куугунтуктоого болбойт.

Кыргызстандын жаңы бийлигинин көз алдында Аксы окуяларынын, апрель окуяларынын баатырларынын, 2020-жылдагы октябрь окуяларында каза болгон, күнөлүүлөр дале табыла элек жаш жигит Үмүттүн элеси ар дайым туруш керек.

Биз өз күчүбүзгө ишендик. Жарандык коом чыңалды. Бүгүнкү күндө жарандык коом бийликтин күчү жетпеген көйгөйлөрдү өзу эле чечип алат.

Көз карандысыз маалымат каражаттары күчтүү жана жоопкерчиликтүү болуп калды. Кыргызстандын журналисттери чынында эле төртүнчү бийлик, анткени кандай болбосун чиновник журналисттик иликтөөнүн каарманы болуп калуудан коркот.

Тарыхтын жаңы сабактарын ашып өтүүгө жана мекенибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн ишке ашырууга күчүбүз жетет деп ишенем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6011