Ноутбуктар чын эле кымбаттадыбы? (видео)
RU

Ноутбуктар чын эле кымбаттадыбы? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-март күнү, Бишкектин жашоочулары ноутбук саткан дүкөндө узун кезек күтүп, ызы-чууга түшүп жаткан видео социалдык тармактарга тараган. Күбөлөр билдиргендей, алар ноутбуктарды түз эле текчелерден талап алышкан. Мунун себеби ноутбуктар кымбаттайт деген маалыматтан улам болгон дешкен.

Kaktus.kg эл эмне үчүн дүрбөлөңгө түштү? Чын эле ноутбуктар кымбаттадыбы? - деген суроолорду сатуучулардын өздөрүнөн билип келди.

Сатуучулардын дээрлик бардыгы чын эле ноутбуктардын баасы мурункуга салыштырмалуу көтөрүлгөнүн тастыкташты. Бирок доллар менен алганда баалар мурункудай эле, сомго которгондо кымбат болуп калды.

Ал эми эл көп болуп, ызы-чууга түшүп жаткан видео тартылган дүкөндүн ээси ошол күнү акция жарыялап, ноутбуктарды эски баалар менен саткан экен. Ошондон улам кезек күткөндөр өто көп болгон.

Сатуучулардын айтымында, ноутбуктардун баалары 5 миңден 15 миңге чейин көтөрүлгөн. Мисалы мурда 50 миң турган ноутбуктар азыр 65 миң сомго сатылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6015