Жогорку сот Садыр Жапаровдун эжеси Райкуль Жапарованын өкүмүн жокко чыгарды
RU

Жогорку сот Садыр Жапаровдун эжеси Райкуль Жапарованын өкүмүн жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин президентинин эжесин издөо салынган кылмышкер катары Кыргызстанга алып келишпейт. Анткени Жогорку сот ага карата бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда, белгилүү болду.

Мындай жаңылыкты басма сөз жыйыны учурунда КРдин генералдык прокурору Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун судьялык коллегиясы 2021-жылдын 25-январында президенттин эжеси, Райкуль Жапаровага карата бардык айптоочу өкүмдөрдү жокко чыгарды.

"Соттук коллегиянын чечими кабыл алынгандыктан ага издөө салуу жана анын эксрадицияланышынын зарылчылыгы жок болуп калды", - деп Зулушев айтты.

Экстрадиция - бул мамлекеттердин эл аралык кызматташуусунун алкагында, кылмыштуулукка каршы күрөшүүсү. Ага ылайык, кылмышка шектелген жарандар башка өлкөгө чыгып кетсе дагы, ошол өлкөнүн сот органдры кылмышкерди кармап, аны айыптуу деп тапкан өлкөгө жеткирип беришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/601