Эмне үчүн доллардын курсу түшүп жатат? Улуттук банктын өкүлүнүн түшүндүрмөсү
RU

Эмне үчүн доллардын курсу түшүп жатат? Улуттук банктын өкүлүнүн түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Биринчи радиого берген маегинде валюта рыногундагы кырдаалга комментарий берди.

Анын айтымында, 4-марттан 10-мартка чейин Улуттук банк 144 миллион долларга интервенция жүргүзгөн.

Бүгүн эртең менен катталган доллардын төмөндөшүн Улуттук банктын өкүлү валюта рыногунда доллардын көп болуп кетиши менен түшүндүрүүдө.

"Азыр рыноктогулар, менимче, тажап бүтүштү, балким, бул муктаждык, балким, хайп жана паника. Азыр накталай сом керек болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан паникага алдырбаш керек", - деди Карабаева.

Ал валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чараларды санап өттү:

  • эсептик ченди жогорулатуу;
  • юридикалык жактарга накталай долларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салуу;
  • рублдин курсун аныктоо тартибин өзгөртүү. Эми Улуттук банк Bloomberg жана Reuters каржы агенттиктеринин көрсөткүчтөрүн көзөмөлгө алууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6022