Милиция издөө салынган тогуз жашар баланын сөөгүн тапты
RU

Милиция издөө салынган тогуз жашар баланын сөөгүн тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тогуз жашар баланын сөөгү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Токойлуу-Конуш аймагында табылган. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына облустук ИИБден билдиришти.

Белгилүү болгондой, 16-мартта, болжол менен саат 21:00до ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Буйга айылынын участковый инспекторунан билдирүү келип түшкөн. Ал 2013-жылы туулган Ш.Н. 15-мартта, болжол менен саат 17:00до үйдөн чыгып кеткен бойдон жок, деп айткан.

Милиция кичинекей бала Чоң-Секи жайлоосундагы 1958-жылы туулган чоң атасына жөнөп кеткенин аныктаган.

Кечээ, 17-мартта, болжол менен 14:00до милиция кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар менен баланын сөөгүн табышкан. Ал жолдун боюндагы бактын жанында жатыптыр. Денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Баланын ата-энеси соттук медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6026