Кайгуул кызматкери мотоциклдин айдоочусун тапанча менен коркуткан. Видео
RU

Кайгуул кызматкери мотоциклдин айдоочусун тапанча менен коркуткан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте мотоциклченди коркуткан ИИМдин ички иштер башкармалыгынын инспекторлоруна карата кызматтык текшерүү башталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, инспектор мотоциклдин айдоочусун жол эрежесин бузгандыгы үчүн Сух-Батор жана Юнусалиев көчөнүн кесилишинен токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбей качып, 12-кичи райондон кууп жеткен. Аны наркологиялык борборго алып барып текшерткенде канынан алкоголь табылып, беш протокол түзүлгөн.

"Инспекторлор тапанчаны алып чыгып, мотоциклдин айдоочусуна такаганы боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат", - деди Айтикул уулу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6027