Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты
RU

Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты. Бул тууралуу ал Super.kg порталы жазды.

"Мен андан эч качан кечирим сурабайм. Меники туура. Менин кызматтан кетишимди эл суранган жок. Эл суранса кызматтан кетем. Мен бардыгын туура кылдым", - деп ага байланышкан журналистке жооп берген.

Анын акыркы кадамдарын президент Садыр Жапаров кандай кабыл алып жатканын билбей турганын кошумчалады.

Кечээ, 17-мартта депутаттар аны сындап, президент буга реакция кылышы керектигин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6030