Эртең дагы кар жаайбы? Айдоочуларга эскертүү
RU

Эртең дагы кар жаайбы? Айдоочуларга эскертүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 18-20-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот.

Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек - Ош автоунаа жолунун 121-128 жана 132-255-чакырымдарында жаан-чачындан улам кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатат. Андыктан ӨКМ жолго чыккан айдоочуларга трос, чынжыр жана башка керектүү каражаттарды алып алууну сунушуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6033