Долон ашуусундагы жолдун бир тарабы ачылды
RU

Долон ашуусундагы жолдун бир тарабы ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - Нарын - Торугарт трассасынын Долон ашуусундагы жолдун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүу болгондой, 17-мартта Долон ашуусунда эки кар көчкү жүрүп, жол жабылып калган болчу. Кар көчкүнүн жалпы көлөмү 1 миллион кубометрди түзүп, аны тазалоого Транспорт министрлигинен, ӨКМден жана жергиликтүү бийлик тарабынан 13 атайын техникасы тартылган. Бүгүн, 19-мартта жол ачык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6042