Владимир Путин Садыр Жапаровго кат жөнөттү
RU

Владимир Путин Садыр Жапаровго кат жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровго КР менен РФ ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду.

"Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Ар түрдүү чөйрөлөрдө мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕврАзЭСтин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу мамилелердин бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровго

бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга - тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6045