Зеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды
RU

Зеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москваны аскердик кылмышка айыптап жатканына карбай, Россиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу 20-мартта CNN телеканалына курган маегинде билдирди.

"Мен аны менен сүйлөшүүгө даярмын. Менин оюмча биз сүйлөшүүсүз согушка чекит коё албайт окшойбуз. Эгер бизде согуштуу токтоту үчүн 1% шанс болсо, менимче биз ал шансты колдонуп калышыбыз керек. Ошону үчүн Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Бирок, биздин аракеттерибиз өзүн актабаса, анда анын арты Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет", - деди Зеленский.

Россиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариупольго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.

Андан бери кырдаалды жөнгө салып, ок атышуунун шарттарын кароо боюнча орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Украин президент Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирүүлөрүндө улам-улам айтып келет. Москва болсо өз шарттарына көнмөйүнчө диалог мүмкүн эмес экендигин билдирүүдө.

Соңку сүйлөшүүлөр негизинен Беларустун аймагында өтүп жатат. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өз аймагында уюштуруп берүүнү Швейцария менен Түркия сунуштады.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6052