Баткендеги Нооруз майрамындагы президенттин убадасы
RU

Баткендеги Нооруз майрамындагы президенттин убадасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нооруз майрамына карата президент катышкан негизги салтанат быйыл Баткен жергесинде өттү. Президент Садыр Жапаров Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылганын Азаттык жазып чыкты.

Мамлекет башчы чек ара маселесин кийинки муунга калтырбай чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке кала берген көйгөйлүү чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Майрам күнү айтылбай турган сөз эле, бирок бул - ачуу чындык. Кудай буюрса, биз мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз. Дал ушул максатта Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгардык, бул аймакты өнүктүрүүнү күн тартибиндеги башкы маселеге айланттык. Баткен облусуна берилген макамдын алкагында конкреттүү программа иштелип чыгып, анда белгиленген тапшырмалар өз ырааты менен аткарылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө бийлик башындагылардын көңүлү толугу менен Баткен жергесине бурулду. Баткен гүлдөсө, жалпы өлкө гүлдөйт. Баткен өнүксө, жалпы өлкө өнүгөт".

Былтыр апрелдин аягында Кыргызстан менен Тажикстандын ондогон жаранынын өмүрүн алган чек ара жаңжалы болгон. Куралдуу кагылышта социалдык инфраструктура, турак жайлар дагы талкаланган. Ошондон бери чек арада чыңалуу сакталып келүүдө. Быйыл январда жана мартта кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышуу болду.

Чек арадагы кырдаалдан улам 2020-жылдын май айынан бери Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Чек ара ошол бойдон ачыла элек.

Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы, академик Осмонакун Ибраимов Ноорузга карата негизги салтанаттын Баткенде өтүшүн элдин көңүлүн көтөрүү деп баалады.

"Президенттин Ноорузду Баткенден тоскону кубандырды. Анткени, Баткенге көңүл бөлбөсөк болбойт. Мен "баатыр Баткен" деп эсептейм. Жарытылуу шарт түзүлбөсө дагы баткендиктер чек арада туруп жатышат. Тажик өкмөтүнүн тактикасы ок атып коюп, коркутуп, башка жакка көчүп кетишин каалап жатат. Бизде андай тактика деле жок. Тилекке каршы, Баткен боюнча жасалып жаткан мыкты иштер дагы жок. Президенттин кыйынчылык учурда элдин көңүлүн көтөргөнү - жакшы көрүнүш.

Президент чек ара маселесин кийинки муунга калтырбай чечүү зарылдыгын айтканы менен бир жылдан бери кыргыз-тажик тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш боло элек.

"Чек ара көйгөйүн кийинки муунга калтырбай чечип кетем дегени, албетте, жакшы. Бирок айткан сөз иш менен айкалышса деген ниет. Аймактарды өнүктүрүү алкагында бир топ убада айтылып жатпайбы. Ошонун бардыгы ишке ашса, жергиликтүү бийлик так иштесе жакшы болот эле. "Майрам болот, майрамдын эртеси болот",-деген сөз бар. Баткенди күзгүдөй кылып алсак, барыбызга жакшы болот эле",-дейт экономист Эркин Абдыразаков.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров чек ара маселеси качан чечилери белгисиз болгондуктан, биринчи кезекте коопсуздук маселесине көңүл буруу керектигин белгиледи.

"Эгер Баткенде коопсуздук маселеси чечилбесе, өнүктүрүү программасы ишке ашпайт. Ал жакта күн алыс тополоң чыгып жаткан чакта сырттан эч бир инвестор келбейт. Ошондуктан биринчи кезекте коопсуздук турушу керек. Мен билгенден мүмкүнчүлүгү бар айрым адамдар көчүп кетип жатышат. Баткенден үй алган адам деле жок болуп калды. Ошонун айынан үйдүн, жердин баасы төмөндөп кетти".

Аймакта ички жана тышкы миграциянын агымы да күч. Ал тапта кыргыз бийлиги Баткен облусун ар тараптан өнүктүрүүнү убадалап жатат. Былтыр сентябрь айында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзамга президент кол койгон.

Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Документте тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралган.

Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден бери облуста бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өттү. Өткөн айда Министрлер кабинети көчмө жыйын өткөрүп, облусту өнүктүрүүнүн саясий жана экономикалык багыттарын талкуулаган.

"Азыр күнүмдүк гана маселелерди чечүү аракети болуп жатат. Келечекте Баткенди дүркүрөтүп өнүктүрө турган иштер жасалган жок. Бардык маселе бири-бирине туташ да. Чек араны бөлөк, экономиканы бөлөк чечебиз деген туура эмес. Ал эми чек ара боюнча улуттук кызыкчылыкты аныктап алсак, туура болмок. Менимче, чек араны тез чечүү маанилүү эмес, биздин кызыкчылыкта чечилгени маанилүү",-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов.

Баткен облусу Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Жер жана суу талаштан чыккан чырдын көпчүлүгү Тажикстан менен чектеш айылдарда болууда. Соңку жолу эки өлкөнүн расмийлери чек ара чатагына себеп болгон чарбалык маселелерди биргелешип чечүүгө макулдашкан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6056