Бишкектин "секундомэри" Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге жеткирилди
RU

Бишкектин "секундомэри" Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылы бир күн Бишкектин мэри болгон Эрмек Нургазиев №1-бишкектик тергөө изоляторуна камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери айтып беришти.

Башкармалыктан билдиришкендей, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга (0312 43 01 27 же 102) кабар берип коюуну Чүй ОИИББинен суранышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы июль айынын башында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөн.

2022-жылы 18-мартта жогорудагы фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түздү.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6059