"Точка" каймана аты менен белгилүү болгон кылмышкер СИЗОго жеткирилди
RU

"Точка" каймана аты менен белгилүү болгон кылмышкер СИЗОго жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында "Точка" каймана атындагы кылмышкер Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИББси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 5-февралда, Токмок райондук соту 1975-жылы туулган А.Б.га карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Буга чейин, Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2021-жылдын 4-февраль күнү Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, 1975-жылы туулган А.Б.ни камакка алып, кароо жүргүзүү учурунда, номери өчүрүлгөн "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча, 5 ок жана колго жасалган бычак алынган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, крим чөйрөдө "смотрящий" жана "положенец" статусуна ээ болуп, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Чүй облусунун ОИИББси берген маалыматка ылайык, кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опузалоо жана мыйзамсыз баңги затын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/605