Россияны колдоо концерти жана митинги мэрия менен макулдашылган эмес
RU

Россияны колдоо концерти жана митинги мэрия менен макулдашылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда Россияны колдоо концерти жана митинги өтөт, деген билдирүү социалдык тармак аркылуу жайылтылууда. Редакция комментарий алуу үчүн Маданият министрлигине жана Бишкектин мэриясына кайрылды.

"Бизге уюштуруучулар кайрылган эмес. Маданият министрлигине караштуу объектилерге тиешеси жок, жеке концерттер тууралуу кабарыбыз жок", - деп Маданият министрлиги билдирди.

Айрым маданият объектилери Бишкектин мэриясына таандык. Эгер митинг скверде же аянтта өтө турган болсо дагы мэрияга билдирүү жөнөтүу зарыл.

"Бизге иш чарага бир саат калганда деле келип билдирүү таштап кетишет", - деп мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Кийинчерээк, Россияны колдоо концерти жана митинг бүгүн, 22-мартта, саат 14:00до, Горький атындагы скверде өтө турганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6060