Өзбекстандан MAN жүк ташуучу унааларды алып келген компаниянын директору кармалды
RU

Өзбекстандан MAN жүк ташуучу унааларды алып келген компаниянын директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ДТ Техник" ЖЧКсынын генералдык директору Фархатжон Досматов 19-мартта алдамчылыкка шектелип милиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге кч структураларынан билдиришти.

Кылмыш ишин алып барган ИИМдин тергөө кызматы аны Өзбекстандан алынып келинген техниканын наркын атайы жогору койгон деп шек санап жатат. Келитирлген зыяндын көлөмү $1 млн 250 миң. Досматов Бишкектин СИЗО-1не эки айга камакка алынды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул иш боюнча Эрик Исмаилович Байгондиев да өтүүдө. Ал соттун чечими менен үй камагында отурат

Ачык маалымат булактардагы маалыматка ылайык, "ДТ Техник" ЖЧКсы - Isuzu, MAN, Toyota Industrial коммерциялык техникалардын расмий диллери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6061