Акылбек Жапаров: Кыргызстандыктар 4-5тен балалуу болсо экен деп тилейбиз (видео)
RU

Акылбек Жапаров: Кыргызстандыктар 4-5тен балалуу болсо экен деп тилейбиз (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үй-бүлөдө бир нече баланын төрөлүшү кыргыз элинин келечекке болгон позитивдүү мамилесин билдирет деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ, 21-мартта Нооруз майрамынын урматына уюштурулган салтанатта сөз сүйлөп жатып билдирди.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө өкмөттүн келечектеги пландарын белгилеп, бийликтин чечимдерине көңүл бурду. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун командасынын 1,5 жылдан бери жасаган иштери элдин кызыкчылы үчүн чынчылдык менен кызмат кылууну көздөп жатканын далилдеди. Ал Кумтөр маселеси боюнча бийликтин чечимин, бир нече ишканалардын ачылышын, эл аралык аренада сүйлөгөн сөздөрүн жана башка окуяларды эске салды.

Келечекке токтолуп, Министрлер Кабинетинин Председатели өлкөнүн калкынын өсүшү боюнча темага токтолду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, кыргызстандыктардын үй-бүлөсүндө бир нече баланын төрөлүшү алардын келечекке оптимисттик көз карашта экенинен кабар берет.

"Дүйнөдө үй-бүлөдө экиден ашык бала төрөлсө, бул өлкөнүн бактылуулуктун жакшы көрсөткүчү деп эсептелет экен. Ал эми биз кудайдан жок дегенде төрт-беш бала төрөлүшүн тилейли. Ансыз деле 6,5 миллиондон аштык.Ошондуктан элибиз келечекке позитив, ишеним, үмүт менен карайт. Кең пейил кыргыз төрөлсө экен деп тилейбиз"-деп билдирди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6067