Каза болгон чек арачынын эжеси: Бизге 1000 сом гана беришти
RU

Каза болгон чек арачынын эжеси: Бизге 1000 сом гана беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз бийлиги 2012-жылы кыргыз-өзбек чек арасында набыт болгон чек арачы Кыдырбек Абдрасул уулунун үй-бүлөсүн унутуп калышканын каза болгон жоокердин эжеси Нурайым Абдрасул кызы Kaktus.media сайтына билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын 17-июлунда "Көк-Таш" чек ара заставасында өзбек чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Атышууга Көк-Таш - Булак-Башы унаа жолунда болгон чыр себеп болгон. Натыйжада анын улуу агасы, кенже сержант Абдрасул уулу Кадырбек окко учуп, дагы бир майып болуп калган.

"Ошол учурда сөөк коюуну уюштурууга аскер кызматкерлери жардам беришти. Аларга эч кандай доомат жок. Бардык жетекчилер ата-энеме жардам беребиз деп убада беришкен. Бирок чындыгында апам Майрамкан Казакова ооруп калганда гана айыл өкмөтү 1000 сом берип гана тим болушкан", - дейт Нурайым.

Ал кыргыздын жери үчүн курман болгонун, ага карабай ата-энеси жардамга муктаж болуп турганда бардык чиновниктер алардан жүз бурганын белгиледи.

"Апам туулган айылында жашай албайт. Каза болгон уулунун классташтарын көргөндө кабатыр болуп, ден соолугу да начарлап баратат. Ооруканага барган сайын 20-30 миң сом кетет. Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамында Ала-Тоо аянтына алып барсак, ал жердеги аскер кызматкерлерин көргөндө апам кайрадан ыйлап жиберип, дагы ооруп калды. Азыр ордунан араң жылып жатат", - деди каза болгон аскер кызматкеринин эжеси.

Нурайым Абдрасул кызынын айтымында ал үй-бүлөдө эң улуусу, андан кийин дагы эки иниси бар. Алардын бири Россияда иштеп, эптеп жан багып жүрсө, экинчи иниси майып экенин айтат.

"Мен өзүм турмушка чыктым, балдарым бар, материалдык жактан кыйын абалдабыз. Ата-энебизге жардам берүү абдан кыйын болуп жатат. Эч ким жооп бербегендиктен ММКлар аркылуу аткаминерлерге кайрылууга аргасыз болуп жатабыз", - деди Нурайым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6068