Сот Азиза Абдирасуловага коюлган майда бейбаштык боюнча айыпты алып салды
RU

Сот Азиза Абдирасуловага коюлган майда бейбаштык боюнча айыпты алып салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасуловага карата майда бейбаштык боюнча ишти карады.

"Мен милиция кызматкерлеринен Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча соттун токтомунун көчүрмөсүн сурадым. Укук коргоочулар РИИБде 6 саат кармалып жатканын эмоциям менен милиция кызматкерлерине билдирдим", - деди Абдирасулова сотто.

Адвокат Агзам Дүйшөналиев протоколдо мыйзам бузуу болгон жер жана убакыт көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мыйзам боюнча милиция муну көрсөтүүгө милдеттүү болчу. Кошумчалай кетсек, иштин материалдарында Абдирасулованын паспортунун көчүрмөсү жок.

Прокурор укук коргоочунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти кыскартууну өтүндү.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Марат Сыдыков чечимди окуп берди, ага ылайык майда бейбаштык боюнча иш кыскартылды.

Сот Абдирасуловага карата милиция кызматкерлерине баш ийбөө боюнча ишти башка күнү карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6069