Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр боюнча: Сүйлөшүү абдан кыйын, кээде жаңжал
RU

Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр боюнча: Сүйлөшүү абдан кыйын, кээде жаңжал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр "абдан оор" жана айрым учурларда "скандалдуу" болгонун айтты. Бирок, Зеленскийдин айтымында, сүйлөшүүлөр кадам сайын алдыга жылууда, деп жазат "Коммерсант" Зеленскийдин видео кайрылуусуна шилтеме жасап.

"Украина өкүлдөрү дээрлик күн сайын уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө иштеп жатышат. Бул абдан оор. Кээде чуулгандуу. Бирок биз кадам сайын алдыга жылып жатабыз", - деп айтылат президент видео кайрылуусунда.

Акыркы жолу орус-украин сүйлөшүүлөрү 21-мартта болгондугу кабарланган. Рогссия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөргө комментарий берип жатып, азырынча "олуттуу жылыш жок" деп билдирди. Тараптар гуманитардык коридорлорду камсыздоо жана согуштук аракеттерди токтотуунун шарттарын талкуулашууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6084