Мелис Мырзакматов: Мен көзү ачык эмесмин, ал эми Садыр Жапаров сыйкырчы эмес
RU

Мелис Мырзакматов: Мен көзү ачык эмесмин, ал эми Садыр Жапаров сыйкырчы эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу, экономика тууралуу жана жаны президент тууралуу Kaktus.media'га интервью берди. Ал өзүн чиновник же саясатчы эмес, менеджермин деп тааныштырды. Ошондуктан өзүнө-өзү пиар жасоодон оолак болуп, анда-санда эле интервью берет.

Азыр Мырзакматов Бишкекте жашайт. Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында чет өлкөдөн кайтып келгенден кийин Садыр Жапаров да Камчыбек Ташиев да ага борбор калаанын мэри кызматын сунушташкан. Бирок, ал бул сунуштан баш тарткан, анткени өлкөдө бүтпөй калган иштери, милдеттенмелери бар.

Белгилей кетчү жагдай, Мырзакматов 2014-жылдан 2020-жылга чейин кайда жүрүп, эмне кылганын айтып бергиси келбейт. Анткени бул анын жеке иши, алар тууралуу коомчулукка айтуунун зарылчылыгы жок, деген пикирде. Достору, үй-бүлөсу тууралуу да суроолор ал үчун табу экенин эскертти.

- Мелис Жоошбаевич, азыркы коомдук-саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Анын туруктуу жана өнүгүүго бет алды деп айтууга мүмкүнбү?

- Коомдук-саясий кцырдаал турукташып келатат. Турукташты десек да болот. Мен билген маалыматка ылайык, инвесторлор биздин рынокко келгени жатышат. Коомдук-саясий кырдаалдын негизги параметри мына ушул болуп саналат.

- Октябрь айында Ошко кайтып келгениңизде, жарандык согушту чыгарып жибербөө үчүн келдим дегенсиз. Ошондо эл сизди жылуу тосуп алган. Ошонун толкуну менен кайрадан Оштун мэри болгуңуз келген жокпу?

- Биз конфликти алдын-алдык. 2010-жылдагы окуялардын кайталанышынан кудай сактасын. Биздин аракетибиздин арты менен шаарда бир да дүкөндүн витринасы сынган жок. Кыска мөөнөттө шаар жана коңшу региондор укуктук мейкиндикке түшүштү. Мына ушул биздин негизги жетишкендигибиз. Мурунку атак-даңк жөнүндө бир аз туура эмес айтылып калды. Биздин эмгегибизди эл эч качан унутпайт. Ошондон улам жакшы тосуп алышты да.

Бир топ журналисттер эмне үчүн Оштун мэринин кабинетинде интервью берип жатасыз, деп сурашты. Ал учурда сыртта күн суук болчу. Мэр, губернатор, болуп бирге иштеп жүрдүк. Анан ошондой күндөрү интервью бергенге туура келди.

- Сиз ошондо, мурунку президент Сооронбай Жээнбеков сизден жардам сурады деп айткансыз. Бир канча убакыттан кийин ал отставкага кетүүгө аргасыз болду. Сиз анын чечимине кандай баа бересиз?

- Билесиңерби, ал антип деле жардам сураган эмес, кырдаалды турукташтырууга жардам бергенибиз үчүн ыраазычылык билдирген. Анын отставкага кетиши, анын жеке чечими, ал чечимди эл колдоду.

- Ал үй бүлөсү менен Сауд Аравиясына кетти. Кандай дейсиз кайтып келеби?

- Ал кетти беле? Кызык...

- А сиз белген эмес белеңиз?

- Жок, билген эмесмин.

- Садыр Жапаров президент болду. Кандай ойлойсуз, ал Кыргызстанды өнүгүү жолуна кое алабы? Президенттик башкаруу формасы менен бизди андай келечек күтөт?

- Мен көзү ачык эмесмин. Садыр Нургожоевич менен жолукканбыз. Анын Кыргызстанды биринчи кылуу каалоосу күч. Менин оюм боюнча, ал бардык күч кубатын, билимин Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жумшайт. Ал эми ал кайсы жолду тандайт, кандай команданы чогултат, ага ким кеңешчи болот - бул башка маселе. Президенттин өзүнүн каалоосу бар, а бул башкысы. Кыргызстанды кайра калыбына келтирүү үчүн бардык аракетин жумшайт.

- Ал үчүн экономиканын кайсы тармагын өнүктүрүү керек?

- Бизде экономика жок. Аны куруу керек. Бардык мамлекеттик институттар атайы, же билбестиктин айынан, талкаланган. Бардык мамлекеттик институттар, анын ичинде соттук бийлик дагы. Садыр Нургожоевич өтө көп иштеши керек. Ал бардыгын бир заматта жасап койгудай сыйкырчы эмес. Бир нече жыл, күчтүү команда жана мээнет керек. Анан эң башкысы - туура багыт тандап алуу.

- Ал кандай багыт?

- Эл эбак тандап алды. Ал бизден көз каранды болбой калды.

- Кырыгзстандын негизги өнөктөштөрү Россия, Казакстан жана Кытай. Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен да кызматташат деп айтты. Сиздин пикириңиз боюнча бул кандай кызматташуу?

- Мен инаугурацияга катыштым. Негизи эле, өзүн сыйлаган мамлекет сырткы саясатта көп векторлуу багытты карманат. Ошол эле учурда приоритеттер болууга тийиш. Садыр Нургожоевичтин инаугурацияда сүйлөгөн сөзүн кунт коюп укса, ал көп векторлуу багытты тандаганын айтып, бирок негизги багыттарды белгилеп өткөн. Баса, ага чейин бир да президент сырткы саясаттын көп векторлуу болушу керектигин айткан эмес (кеп, АКШ Кыргызстандын өнөктөшү экенин ачык айтылбаганы жөнүндө болуп жаткан болушу мүмкүн - Kaktus.media эск.).

Мурун деле кызматташчу, бирок жаап-жашырып, ачык айткылары келчү эмес. Кандай деңгээлде, кайсы тармактар боюнча кызматташат, бул башка: соода-экономикалык, маданий. Бул да жакшы.

- Көпчүлүк интернет-басылмалар окурмандары арасында сурамжылоо жүргүзүп, премьер-министр катары кимди көрөсүз, деп сурашкан. Кызыгы, окурмандар сиздин атыңызды аташкан. А сиз өзүңүз бул кызматты аркалагыңыз келеби, дегеле ушундай сунуш болду беле?

- Эми каалабагандар таң калышты. Каалагандар суктанышты. Азыркы өкмөт мыйндайча айтканда, референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча оргкомитет. Парламент башка курамды тандады. Келгиле, биз аны колдоого алалы, анын көрсөткөн натыйжаларына жараша баа берели. Алар баштай электе эле, сын айткандар көп. Иштеп көрүшсүн. Албетте, команда алсыз. Ошентсе да, өкмөт жакшы натыйжа көрсөтөт деп үмүттөнүп туралы.

- Улукбек Марипов жетектеген жаңы министрлер кабинети айрым ведомстволорду бириктирип, өкмөттүн мүчөлөрүн азайтты. Сиз кандай кылмаксыз?

Кыскартуу жа бириктирүү - бул реформа болуп саналбайт. Мен министрликтерди, вице-премьерлердин бардыгын мурункудай эле калтырмакмын, анан реформаны этап-этабы менен жасамакмын. Көбү ушу менен бүттү деп ойлошот. Кошту, ажыратты, болду эми бардыгы жакшы болот, деп. Бирок финансылык жагын караган эч ким жок. Бул өзгөрүүлөргө каражат керек, эң минималдуу эсептегенде 100дөн 150 млн сомго чейин. Бизге ушундай чыгашалар керек беле? Экономикалык кризис, казына бош. Бир министрествону же ведомствону алып, сапаттуу реформа жүргүзүп, андан кийин экинчисине өтүп жасаса болмок. Бирок үч күндө реформа жүргүзүү мүмкүн эмес. Бул жомок.

- Бизде бир нече жылдан бери административдик-аймактык реформа жөнүндө кеп кылып жатышат. Сиз бул жерде кандай көйгөй көрүп жатасыз?

- Азыркы кырдаалда - бул таза популизм. Ага да акча керек. Бузуп эмес, куруш керек. А биз болсо бардыгын талкалап салып, анан кайра жаңысын жасоого умтулабыз. Мындай болбойт. Бул реформа эмес. Күтө туралы, көрөбүз. Жасаган ишине жараша баа берели.

- Референдумдан кийин май айында парламентке шайлоо болот. Катышасызбы?

- Азырынча кандай шайлоо боло турганын жарыялана элек. Округдар бөлүнө элек. жада калса Конституция жарыялана элек. Бул жөнүндө айтуу али эрте.

- Сиздин "Чындыкты издеп" деген китебиңиз жөнүндө кеп кылдык. Кийинкиси качан чыгат?

- Убакыт болсо, ушул жылдын соңуна чейин чыгат. Болбосо кийинки жылы.

- Интервьюнун соңунда жарандарыбызга, Кыргызстанга каалоо-тилек айтып коюңузчу?

- Биз эч нерсеге карабастан биригишибиз керек. Бардык саясий амбицияларды четке калтырып коюп. Келечек жөнүндө, балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлонолу. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык кризис, социалдык кризис. Эки жылдан бери биз кризистебиз. Биргеликте гана мындан чыгып кете алабыз. Антпесек - катастрофа. Мен бардык саясий күчтөрдү, ар бир жаранды, Кыргызстанга жардам берүүгө чакырам. Адам гений болсо да, каалоосу канчалык чоң болуп турса да, жалгыз глобалдык көйгөйлөрдү чече албайт. Кыргызстаныбызды сактап калгыбыз келсе, бардыгыбыз жардам беришибиз керек. Бардыгын биригүүгө чакырам!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/608