Атамбаевге тез жардам чакырылды
RU

Атамбаевге тез жардам чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Койташ окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар баш болгон 10дон ашык адам айыпталып жаткан иш боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Коллониянын башчысы Атамбаевди сот имаратына алып кетишкенин, бирок, ал унаада отурганын айтты. Ден соолугуна байланыштуу, ооруп калгандыктан дарыгерлерди чакырышкан.

Конвойлордун бири Атамбаевдин өзүн жаман сезип жатканын, ошондуктан дарыгерлер аны текшерип жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6090