Бишкекте кичи автобустун айдоочусу бакты сүзүп каза болду (сүрөт)
4083
Бүгүн, 24-мартта саат 07:30дар чамасында Бишкектин 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ИИМдин кайгуул-күзөт кызматынан билдиришти.
Тема боюнча:
Маалым болгондой, №193 кичи автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Кырсык болгон учурда кабинада жүргүнчүлөр болгон эмес.
Патрулдук кызматкерлер жеринде иштөөнү улантышууда.
slide 2 of 3
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/6095