Камчыбек Ташиев: Аскер кызматкерлеринин маянасы 1-апрелден тарта көтөрүлбөйт
RU

Камчыбек Ташиев: Аскер кызматкерлеринин маянасы 1-апрелден тарта көтөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-мартта Кыргызстандын антикризистик планын иштеп чыгууга арналган министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-апрелден тарта айлык акылар көтөрүлөрүн билдирди. Бирок, бул аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тиешеси жок.

"Биз ачык айтышыбыз керек, алар айлык көтөрүлөт деп күтүп жатышкан. Бирок 1-августтан тарта алардын айлыгын көтөрүүнү пландап жатабыз", - деди Ташиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-апрелден тарта 309 миң адамдын – мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият ишмерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн түшүндүрдү.

"Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта социалдык кызматкерлердин маянасын ири өлчөмдө жогорулатуу пландалууда. Ал эми 1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн көтөрүлөт. Мунун баары жаңы формула боюнча жүргүзүлөт. Пенсиялар, жөлөкпулдар жана бюджеттик сектордогу эмгек акыларды көбөйтүү үчүн 35 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6099