Үй-бүлөлүк жаңжалдан улам атасы уулун бычактап алган
RU

Үй-бүлөлүк жаңжалдан улам атасы уулун бычактап алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк жаңжалдан улам атасы уулун бычак менен сайып салган. Баласы ооруканага жетпей каза болгон. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнө бычакталган адам тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматта Тасма айылынын 27 жаштагы тургуну бычактан алган жаракаты менен ооруканага келип түшкөнү айтылган. Дарыгерлер бейтапты текшергенде ал эчак эле көз жумган.

Маалым болгондой, ошол күнү үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам Тасма айылынын 63 жаштагы А.М аттуу тургуну уулуна сол жамбашынын аймагына бычак сайып, жаракат келтирген. Ал алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6104