Атамбаевдин жактоочусу Эдил Байсаловду талкууга чакырды (видео)
RU

Атамбаевдин жактоочусу Эдил Байсаловду талкууга чакырды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду талкууга чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирген.

Адвокат Байсаловду каалаган жеринде ачык талкууга чакырды.

"Атамбаевди мыйзамга баш ийбегендиктен, курал менен алып кетип, Кой-Таш окуясы болду деп жазып жатасыз. Ал азыр коллонияда да мыйзамга баш ийбегендиктен сотко ушундай жол менен алынып келинип жатат дедиңиз. Бул айткандарыңызды тастыктап бере аласызбы? Сизди, сиз каалаган жериңизге талкууга чакырам. Далилдеп бериңиз. Ал эми мен өз сөзүм үчүн жооп бере алам", - деди ал.

Жоошев Атамбаевдин күч менен камакка алынышынын мыйзамсыздыгын далилдей аларына ишенет.

"Мен 2019-жылы Атамбаевди "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери мыйзамсыз алып кеткенин далилдей алам. Сөзүңүзгө жооп бере турган болсоңуз, кайда жолугарыбызды айтыңыз", - деди жактоочу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6113