Анжелика Instagram аккаунтун 3 миллионго сатат
RU

Анжелика Instagram аккаунтун 3 миллионго сатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Instagram аккаунтун сатыкка койду. Бул тууралуу ал өз баракчасына пост жазган.

"Урматтуу катталуучуларым мен сиздерди бир дагы тыйынга сатпайм. Тескерисинче, 1000 катталуучусу бар баракчам болсо дагы - мени чындап түшүнгөндөр менен жакшы сезимдеримди бөлүшкүм келет. Таарынбаңыздар, туура түшүнөсүздөр деп ойлойм", - дейт ырчы.

"Бүгүнкү күндө 1-катталуучу -1 сом экен. 100 000 катталуучусу барлар 100 000 сомго сатып жатат баракчаларын. Менде эч кандай накруткасы жок - 3 МИЛЛИОН!!!

Анжелика түшкөн каржаттын бардыгы азыркы күнгө чейин Кыргызстанда салына элек өзгөчө балдарга мектеп курууга жумшала турганын белгиледи.

Жогоруда көрсөтүлгөн номер боюнча чалып, сатуучу менен байланыша алган жокпуз.

Эске салсак, буга чейин депутат Айбек Алтынбеков Даун синдрому бар балдар үчүн бала бакча ачууну сунуштаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6125